БИЗДИН
АВТОРЛОР

Биздин жаш окурмандар үчүн сыйкырдуу дүйнөлөрдү жараткан уникалдуу жана чыгармачыл топ …

В ничем не примечательной рабочей группе производительность – это сумма того, что ее члены делают сами по себе. Напротив, производительность команды – это результат усилий как ее отдельных членов, так и всего коллектива.

Каныбек Жунушев

Балдар акыны

СССР жазуучулар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

Каныбек Жунушев – кыргыздын белгилүү балдар акыны . Балдар адабияты боюнча мамлекеттик сыйлыктын жана Тоголок Молдо атындагы сыйлыктын лаураты, КР Билим берүүнүн мыкты кызматкери, балдарга арналган он бештен ашуун китептин автору.
Анын чыгармалары башталгыч мектепте окулуп келет. Акындын айрым чыгармалары башка тилдерге которулуп, жарыяланган. Ал К.Чуковскийдин, А.Бартонун, Ж.Акимдин, С.Михалковдун чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Автордук чыгармалар

Мариям Костригина

Жазуучу

"Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" жана "Эмгектин ардагери" медалдарынын ээси

Балдар китептеринин Эл аралык сынагынын катышуучусу (II орун) Мариям Костригина 19 китеп жазган. Анын ичинен 13ү ар кандай курактагы балдарга арналган.
М.Костригинанын ырларынн эстеп калуу жеңил. Аларда кубаныч, жылуулук, юмор, жаратылышка, жаныбарлар дүйнөсүнө болгон сүйүү жакшы чагылдырылган.

Автор жөнүндө видеотасманы көрүңүз

Автордук чыгармалар

Алексей Мальчик

Жазуучу

"Мальчик“ — бул менин жашоомдун эң жаркын баракчасы - балалык чагым менен бекем байланыштырган фамилия ...

1981-жылы Москва шаарында төрөлгөн.
Проза жана поэзия менен алектенет, андан тышкары искусство тарыхын изилдеп келет.
Ал биринчи чыгармаларын он бир жашынан тарта жаза баштаган. “Менин китептерим АКШ, Канада, Улуу Британия, Жаңы Зеландия, Россия, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандагы ири китепканалардын жана балдар китеп борборлорунун фондусунда турганы мен үчүн сыймык” дейт автор.

Автор жөнүндө видеотасманы көрүңүз

Автордук чыгармалар

Асель Аяпова

Жазуучу

Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Союзунун жана Евразия чыгармачыл гильдиясынын мүчөсү. Маданият илимдеринин кандидаты

Бала кезинен бери ал спортко, музыкага жакын болгон, бирок баарынан мурда китеп окууну жана саякаттоону жакшы көрчү. Университетте ал фольклорго кызыга баштаган. Мифтердин жана легендалардын каармандарын изилдөө менен катар, ал өзүнүн каармандарын жаратып, алар үчүн сыйкырдуу дүйнөлөрдү ойлоп таба баштаган. Балдар үчүн келечектеги жомоктордун жана окуялардын эскиздери ушундайча пайда болду.

2017-жылы Асел Аяпованын жомоктору Кыргызстандагы балдар жазуучуларынын "Баатырлар досторун чакырат" профессионалдык сынагынын мыкты чыгармаларынын тизмесине кирип, 2018-жылы авторго Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын Диплому тапшырылган. Мындан тышкары, Асел Аяпова эл аралык адабий сынактарда жеңүүчү болгон. 2012-жылы Австрияда өткөн “Литературная Вена” сынагынын лауреаты, ал эми 2016-жылы Германияда өткөн “Бүгүнкү жомок” сынагында жеңишке жетишип, Корея Республикасында өткөн Азия Жомоктору фестивалында Кыргызстандын атынан ийгиликтүү катышкан.

Асел Аяпова жаш жазуучулар үчүн оюн түрүндөгү тренингди иштеп чыккан.

2016-жылы Кореянын басмаканасы Бостери аттуу баланын укмуштуу окуялары жөнүндөгү жомогун тууралуу алгачкы китебин чыгарган. Кийинки жылдары Асел Аяпованын калеминен мектепке чейинки жана башталгыч мектеп жашындагы балдар үчүн бир катар иллюстрациялык китептер: "Асмандагы Таш" фантазиясы, "Чоң мышыктар тукумундагы Илька" ("Илька атасын кантип издеди", "Илка кантип жашынмак ойноду", "Илка бир туугандары менен кантип таанышты") жарык көрдү.

Автордук чыгармалар

Ольга Пак

Фантаст-жазуучу

Эл аралык жазуучулардын "Попаданцевдердин тарыхы" конкурсунун лауреаты

“Бала кезимде, мен окуганды аябай жакшы көргөндүгүм эсимде... Аябай, алар мени кулагымдан тартканга чейин окучумун. Мен ал тургай ыр да жазчумун. Бул жөнүндө эч ким билген эмес. Жомокторду жазганым жөнүндө да билишкен эмес.

Менде мындай эреже бар эле: күн сайын жок дегенде эки барактан кем эмес бир нерсе жазчумун. Балким ал китеп эмес, балким башка эле бирдеме, бирок бир нерсе жазылышы керек болчу.

АХ4 форматтагы бир-эки баракты толтуруп жазганымда мага илхом келчү.

Мен сынчыл окурманмын, бирок өз китептерим жөнүндө жакшы ойдо болгум келет. Ал тургай, эркек же аял экендигим белгисиз бойдон калыш үчүн кандайдыр бир псевдоним алайын деп ойлодум.

Кыялым акырындап ишке ашып кандайдыр бир формада боло баштаганда, мен өзүмдү эркин адамдай сезе баштадым. Мага кичинекейден кадамдасам да каалаган, өзүмө жаккан багатка бара жатканым абдан жагат”.

Автордук чыгармалар

Акылай Кабаева

Жазуучу

"Бала кезимден жомокторду ойлоп таап, түн ичинде апама айтып бергенди жакшы көрчүмүн ..."

Жазуучу болууну кичинемден эле кыялдана баштадым. Убакыттын өтүшү менен мага кызыктуу нерселер көп болуп, алардын бирин кесипке айлантып алдым. Акыркы бир нече жылдан бери мен жапайы жаратылышты коргоо жаатында иштеп келе жатам жана ушул багыт боюнча Кембридж университетинде окуп жатам. Менин ишим жапайы жаратылыш жөнүндө жана аны коргоонун жана ага кам көрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө жазууга түрткү берет.

Менин окуям жөнүндө: Ренардиндин окуясынын идеясы илгертен эле жаралган, бирок биринчи окуя 2016-жылы жазылган. Саякатка чыгууну, адамдардын тилин үйрөнүүнү жана ата-энесин табууну чечкен кичинекей түлкү Ренардин ал идеалдуу эмес, бирок чын жүрөктөн өзүн кабыл алууну билет жана достуктун баалуулугун түшүнөт. Менин кичинекей жана чоңураак окурмандарым түлкү менен таанышканда, аны мен сыяктуу жакшы көрүшөт жана ката кетирүү, күмөн саноо жана коркуу - бул биздин өсүп-өнүгүүбүзгө жардам берген ар кандай саякаттын бир бөлүгү экендигин түшүндүрөт, үйрөтөт деп ишенем.
Бул окуя менин жээним Эренге арналган, анын жылмаюусу, кучакташуусу, сүйүүсүн билдирүүсү мага күч-кубат берет жана бул дүйнөгө жакшы нерсе алып келүүнү күчөтөт.

Автордук чыгармалар

Доманова Маргарита

Жазуучу

"Эсимде, бала кезимде мен окуганды аябай жакшы көрчүмүн ..."

10 жылдан ашуун убакыттан бери чыгармачылык менен алектенип келем. Жанрына жана темасына карабастан, ырларды жана прозаларды жазам.

Учурда ал филология факультетинин студентимин, “Шайыр Балалык” балдар театрында мугалим болуп иштейм”.

Байланыш:
тел.: +996 552 117 021 ( WhatsApp , Telegram)
почта: m.domanova6@gmail.com

Автордук чыгармалар