Алиппеге даярдоо
150 сом
Бул окуу куралы мектепке чейинки курактагы баланы 1-класска даярдоого арналган. Китеп-дептердеги берилген көнүгүүлөр, кырдаалдык сүрөттөр баланын көңүл буруусун, кабыл алуусун, эске тутуусун, ой жүгүртүүсүн өстүрүп, туура сүйлөөгө даярдайт.
Окуу куралынын негизги максаты – тыбыш менен тамганы айырмалап, алардын айтылышына жана угулушуна байкоо жүргүзүп, үндүү жана үнсүздөрдү айырмалап билүүгө,тамгаларды, муундарды, сөздөрдү окууга үйрөтүү.
Окууга көнүктүрүүгө муундар, сөздөр, сүйлөмдөр, чакан тексттер берилген. Окуу куралында баланын кебин өстүрүүгө кеңири кырдаалдык сүрөттөр, табышмактар, ырлар сунушталат. Түрдүү сүрөттөрдү, боёо менен бирге колдун, манжалардын майда булчуңдары жазууга даярдалат. Бул окуу куралы «Балдарды мектепке даярдоо (480 саат) программасы» нын негизинде түзүлүп, даярдоо курсуна келген 6 жаштагы балага арналат.
Автору: Б. Кубаталиева, М. Асаналиева
Сериясы: Жакында мектепке барам
Сүрөтчүлөр: З. Мидинова, Б. Жайчибеков, А. Тугульбаева
Мукабанын түрү: Жумшак
Кагаздын форматы: 205*290мм
Тили: кыргызча, орусча
Бети: 112