Математикага даярдоо
130 сом
Бул китеп-дептер “Балдарды мектепке даярдоо (480саат) программасы” нын негизинде түзүлүп, даярдоо курсуна келген 6 жаштагы балага арналат.
Негизги максаты баланын жөнөкөй математикалык түшүнүктөрүн калыптандыруу, акыл-эс жөндөмдүүлүгүн, чыгармачыл активдүүлүгүн өстүрүп, нерселерди талдап, салыштырып, жалпылап, топтоштуруп билүүсүнө өбөлгө түзүү.
Китеп-дептерде жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу максатында түстөр, сан, көп-аз, көлөм, оң-сол, чоң-кичине, бийик-жапыз, геометриялык фигуралар, убакыт, иреттүүлүк, сан жана эсеп, арифметикалык аракеттер, мейкиндик, ыр-табышмактар, бастырып тартууга арналган тапшырмалар берилген.
Берилген тапшырмаларды аткарып жатып бала түстөрдү айырмалап, заттардын санын аныктап, сан жана цифра тууралуу түшүнүк алып, геометриялык фигураларды атап, аныктап, мезгил түшүнүгү калыптанып, негизги математикалык белгилер менен таанышып, жөнөкөй маселелерди чече билүүгө үйрөнөт, логикалык ой жүгүртүүсү өсөт. Бул иш-аракеттер баланы мектепке даярдоого жардам берет.
Автору: Б. Кубаталиева, К. Эгембердиева, М. Асаналиева
Сериясы: Жакында мектепке барам
Сүрөтчүлөр: З. Мидинова, Б. Жайчибеков, А. Тугульбаева
Мукабанын түрү: Жумшак
Кагаздын форматы: 205*290мм
Тили: кыргызча, орусча
Бети: 112